Ысык-Көл облусунун Түп районунда аз камсыз болгон 147 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилди. Бул тууралуу Эмгек министрлигинин маалыматында айтылат.
Белгилүү болгондой, долбоордун катышуучуларына 100 миң сомдук сертификаттарды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев тапшырды.
Министрдин айтымында, келишим аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөк пул алуучулардын катарынан жеке ишкерликке өтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
"Өткөн жылдын мониторинги көрсөткөндөй, бардык 2 900 бизнес-идея айыл чарба, соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүндө натыйжалуу ишке ашырылган. Жаңы ишкерлер тигүү жана курулуш тармагына киришти. Алардын бардыгы киреше ала башташты.
Социалдык келишим аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдө жашаган 9,6 миңден ашуун баланын жашоосун жакшыртууга мүмкүндүк берди. Буга байланыштуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров быйыл аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү каржылоону 10000ге чейин көбөйтүү чечимин кабыл алды", - деди ал.
Министр долбоорду ишке ашырууга жергиликтүү бийлик жана өкмөттүк эмес уюмдар да салым кошуп жатканын белгилеп өттү.
"Бейөкмөт уюмдар жана ар кандай фонддор финансылык сабаттуулукка окутууга, бизнес-пландоону уюштурууга, чакан ишкердикти өнүктүрүүгө жарым миллиондон ашык сом бөлүп беришти.
Жергиликтүү бийлик органдары кошумча каражат, жер, отун бөлүп беришти", - деди Базарбаев.
Маалымат үчүн: Быйыл Эмгек министрлиги Ысык-Көл облусундагы аз камсыз болгон 789 үй-бүлө менен социалдык келишим түзөт. Атап айтканда, 789 үй-бүлө ишкерлик баштоого мүмкүнчүлүк алат.