Баткен шаарындагы аэропорт бир айга жабылды

Баткен шаарындагы аэропорт бир айга жабылды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.

Маалымдалгандай, аэропорттун ишин токтотушу 1-апрелден тарта оңдоо-калыбына келтирүү иштери башталгандыгына байланыштуу.

Белгиленгендей, аэропортто аэродромдун элементтерин оңдоо, учактарды токтотуучу жайларды жана перронду кеңейтүү иштерин жүргүзүүнүн II этабы жүрүп жатат. Оңдоо иштерин айдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

"Манас" эл аралык аэропорту келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана оңдоо иштерине түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
udoqawje
2023-04-12 23:17:00
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан