Казакстанда 30 жылдык тарыхы бар балдар үйү жабылды. Себеп 

Алматыда 30 жылдык тарыхы бар "Дом Надежды" балдар үйү жабылды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, балдар үйүндө баш калкалаган үч айдан алты жашка чейинки 33 бала өз үй-бүлөсүнө кайтарылды. Аталган мекемеде турак-жайы жок, күнү-түнү иштеген жана узак мөөнөт дарыланып жаткан энелердин балдары жашаган.

"Дом Надежды" балдар үйү менен "Эне үйү" коомдук фондунун өкүлдөрү балдардын ата-энелери менен баарлашып, жардам көрсөтүп, биргелешип иш алып барышкан. Бир жылга созулган процесстин жыйынтыгында, бардык балдар ата-энелери менен чогуу жашап калышкан.

Учурда мурунку балдар үйү жашы жете электерди колдоо борборуна айланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан