"Оюн болчу". Бишкекте жолдун ортосуна туруп алган блогер коомчулуктан кечирим сурады

Бишкек шаарында жолдун ортосуна туруп алып, унааларга тоскоолдук кылган жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, жолдун ортосуна туруп алып, унаалардын өтүүсүнө тоскоолдук жараткан жаранга 1000 сом айып пул салынып, андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.

Өз кезегинде блогер туура эмес кылганын моюнуна алып, коомчулуктан кечирим сурады.

"Досум экөөбүз "Приказ" ойноп жатканбыз. Досум мага тапшырманы бергенде аны ойлонбостон аткарышым керек болчу. Бул нерсе туура эмес экенин билип жатабыз. Сиздер дагы мындай кылбаңыздар", - деди блогер.

Жолдун ортосуна туруп алган блогер кечирим сурады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
эмирлан
2023-04-13 10:12:00
ит зериксе к.....н жалайт демекчи....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан