
Чет өлкөдө соттолгон кыргызстандыктардын 60ы мекенине алып келинди. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде Жогорку Кеңеште башкы прокурор
Курманкул Зулушев билдирди.
Анын айтымында Кыргызстандын 1280 жараны чет өлкөдө соттолгон, анын 1072си Орусиянын абактарында отурат.
Башкы прокурор өз сөзүндө Орусиянын Башкы прокуратурасынын, Жогорку сотунун жана Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу федералдык кызматынын жетекчилиги менен соттолгон кыргызстандыктарды өз мекенине өткөрүп берүүнү макулдашканын билдирди.
Ал белгилегендей, биринчи кварталда 15 кыргызстандык которулган.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин жыйынында өткөн жылдагы өлкөдөгү мыйзамдуулуктун абалы жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу Башкы прокурордун отчёту каралууда.