Жогорку Кеңеште Башкы прокурордун 2022-жылдагы ишмердүүлүгүнүн отчёту каралууда

Бүгүн, 12-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында өткөн жылдагы өлкөдөгү мыйзамдуулуктун абалы жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу Башкы прокурордун отчёту каралууда.

Жыйында маалымат берген Башкы прокурор Курманкул Зулушев белгилегендей, 2022-жылы Башкы прокуратура тарабынан мыйзамдардын так жана бирдей аткарылышын көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктарынын алкагында 8 824 текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 20 780 мыйзам бузуу фактылары аныкталган. Аларды жоюу боюнча 10 781 прокурордук чара актысы киргизилип, 5 864 кызмат адамы дисциплинардык жоопкерчиликке тартылган.

Андан тышкары, прокуратура органдарынын өткөн жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча прокурордук чара көрүү актылары боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында белгиленген компенсациянын суммасы акчалай түрдө 3 миллиард сомдон ашык болгон.

Муну менен катар Курманкул Зулушев Башкы прокуратуранын жана прокуратура органдарынын коррупцияга каршы күрөшүү, мыйзам бузууларды жоюу жана жашы жете өспүрүмдөрдүн жана аялдардын укуктарын калыбына келтирүү, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, экономика тармагындагы мыйзамдуулукту сактоо, мамлекеттик мүлктү кайтарып берүү боюнча жүргүзүп жаткан иштерине токтолду.

Жыйын суроо-жооп иретинде улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан