"Бул жеңиш меники эле эмес, жалпыбыздын жеңишибиз!". Тыныбекова кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирди

Спортчу Айсулуу Тыныбекова 5-ирет Азия чемпиону аталгандан кийин, жалпы кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоп, ыраазычылык билдирди.

Балбан социалдык тармактагы билдирүүсүндө аны колдогон мекендештерине рахмат айтып, жеңишке болгон кадам узак жана татаал болгонун белгилеген.

"Мен үчүн жеңишти көздөй бет алуу узак жана татаал жол болду… жылдын өзү дагы көп сыноолор менен коштолду. Мени колдоп, мага ишенгендердин баарына терең ыраазычылык билдирем!

Бул жеңиш меники эле эмес, жалпыбыздын жеңишибиз! Сиздерге чоң рахмат!", - деди Тыныбекова.

Белгилей кетсек, кечээ, 12-апрель күнү Айсулуу Тыныбекова Казакстанда өтүп жаткан кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медаль тагынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан