Коңшу Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда Айсулуу Тыныбекова алтын байге утту.
Азия чемпиондугуна 62 килограмм салмакта катышкан Айсулуу Тыныбекова финалда монголиялык Орхон Пуревордж аттуу балбан кыз менен кез келди. Биринчи бөлүк 2:2 эсеби менен аяктады.
Экинчи бөлүктө Айсулуу Тыныбекова 7 упай алса, монголиялык балбан дагы үч упай алды. Жыйынтыгында Айсулуу Тыныбекова 9:5 эсебинде атаандашын финалда жеңип алды.
Муну менен Айсулуу Тыныбекова карьерасында бешинчи ирет Азия чемпиону болду.
Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова Азия оюндарынын финалында дал ушул монголиялык балбанга жеңилип калган.