"Мээнин эхинококкозу да көбөйүп жатат". Эхинококкоз эмнеси менен коркунучтуу? Дарыгер айтып берет

Кыргызстанда акыркы жылдары эхинококкоз оорусунун эпидемиологиялык абалы оорлоп, анын ичинде альвеококкоз оорусу да өсүп жатат. Бул оору өздүк гигенаны сактабагандыктан короодогу малдар дарыланбагандыктан адамга жугат.

Эхинококкоз - адам үчүн өтө коркунучтуу оору, аны менен ооругандан кийин майып болуп калуу коркунучу зор. Илдет негизинен боорду жана өпкөнү бузат, эхинококкоз киста түрүндө пайда болуп, ал хирургиялык жол менен гана алынат. Бирок соңкү убакта мээнин эхинококкозу да көбөйүп жатканы айтылып келет. Өз учурунда хирургиялык жардам берилбесе, адам өлүмгө учурашы мүмкүн.

Бул багытта SUPER.KG порталынын суроолоруна Бишкек шаардык №1 клиникалык ооруканасынын дарыгери, хирург Муса Алиев жооп берет.

- Статистикалык маалыматтарга таяна турган болсок, республикада эхинококкоз оорусу кулачын кенен жайып жатат? Көрсөткүчтүн улам өсүп жатышына эмне себеп болуп жатат? Адис катары муну кандай түшүндүрөт элеңиз?

- Бул оору акыркы 10 жылда аябай көбөйүп, көрсөткүч 1000ден ашкан учурлар да болуп келет. Көрсөткүчтүн жыл санап өсүп жаткандыгынын бирден бир себеби ветеринардык кадамдардын жасалбай жатканы деп айтат элем. Анткени мал жандыктарга убагында кароо жүргүзүлбөй жатат. Бул өнөкөт малдан жуккандыктан алардын саламаттыгына өзгөчө көңүл буруу замандын талабы болуп турат. Мындан сырткары биздин жарандардын өз саламаттыгына болгон кайдыгер мамилеси да оорунун санынын өсүшүнө алып келип жатат. Жөнөкөй талаптардын аткарылбаганы, өздүк гигиенанын так сакталбаганы да негизги себептердин катарына кирет.

- Оорунун белгилери тууралуу айтып берсеңиз? Адам илдетти жуктуруп алганын кантип байкайт?

- Эхинококкоз менен негизинен адамдар жана үй айбандары ооруйт. Эхинококк жаныбарлардын ичегисинде өсүп жетилет да, денесинин акыркы бөлүкчөсү жумурткалары менен кошо үзүлүп, заң менен айлана-чөйрөгө бөлүнүп чыгып, тегерегиндеги чөп, бакча, буюмдарды жана башкаларды булгайт. Адамдын ичине бир жумуртка киреби же көппү, айырмасы жок. Ал кан айлануу системасы аркылуу боорго, андан өсүп өпкөгө барат. Кан аркылуу кайсы органга жайгашса, ошол жактан өрчүй берет. Азыр мээнин эхинококкозу да аябай көп болуп жатат. Бул да билинбейт. Бир гана УЗИден белгилүү болот. Көбүнчө эхинококкоз оорусуна чалдыккан адамдын органдарында эхинококкоз личинкасы өсүп-өөрчүп, уулуу заттарды бөлүп чыгара баштайт (өпкөсү, боору, көк боору ж.б.) да ушул учурда организмге терс таасирин тийгизет, анын натыйжасында органдар чоңоюп кетет. Бирок илдет организмде пайда болгондо адамга көпкө чейин сезилбейт. Кадимкидей эле жүрө берет. Качан гана ыйлаакча чоңойгондо сезиле баштайт. Оорулуу адам акырындык менен алсырап, бат чарчап, тамакка табити тартпай, анда-санда жүрөгү айланып, кусуп, арыктай баштайт да, дарттанган органынын тушу шишик басып, ооругандыгы сезилет. Ыйлаакчанын чоңдугу кээ бир учурларда кичине баланын башындай чоң болуп чоңоюп кетиши мүмкүн. Дарттын биринчи белгилери сезиле баштаганда эле ошол адам дароо дарыгерге кайрылуусу зарыл. Анткени дарылоо канчалык эрте башталса, ошончолук тез айыгат. Анткени адамдар өздөрү малдын жарабаган былжырлуу ички органдарын бере берип ооруну жайылтат.

- Ал эми мал жандыктарда ылаңдын белгилери билинеби?

- Уйларда өпкө катуу жабыркаган учурда узакка созулган дем алуу жана кургак жөтөл байкалат. Бирок ылаңдын баштапкы мезгилинде белгилер ачык билине бербейт. Бул ылаңда бодо малдарга караганда койлор абдан сезимтал болуп салыштырмалуу көбүрөөк өлүшөт. Ылаңдаган койлордун табити жок болуп, жүндөрү түшө баштайт. Ошондой эле малга мүнөздүү жөтөл байкалат.

- Демек, оорунун көбөйүп кетпеши үчүн ар бир жаран жоопкерчиликти алышы керек турбайбы?

- Эхинококкоз оорусу жеке эле адам үчүн эмес, айыл чарба жаныбарлары үчүн да коркунучтуу илдет. Мисалы, кой, уй, топоз сыяктуу айыл чарба жаныбарларынын продуктуулугун төмөндөтүп, мал чарбачылыгы, айрыкча кой чарбачылыгы өнүккөн өлкөдө эхинококкоз оорусун адамга таратуунун негизги булагы болуп эсептелет. Мал сойгондо илдетке чалдыккан боорду же өпкөнү ачык таштап койгон учурлар кездешет. Бул учурда жеке эле итке жем болбостон жайлоолордо карышкыр, түлкүгө да жем болот дагы эхинококкозду таратууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Андыктан ар бир жаран мал сойгондо анын боорун же өпкөсүн жерге көмүп салган туура болот.

- Дарылоо процесси кандай жүрөт?

- Изилдөөлөрдүн негизинде башка органдардын ооруп калуусунан медицина мекемелерине кайрылган кезде томография же болбосо башка бир медицина аныктоочу аппараттардан боордогу кисталар билинип калат, ошол учурда алар тиешелүү дарыгерге жиберишип ал жерде операция аркылуу дарылашат. Эхинококкоз оорусунун дарылоо жолу бир гана операция.

- Оорунун алдын алуу жолдоруна токтолуп өтсөңүз?

- Жекече жана коомдук гигиенаны сактоо, санитардык гигиеналык эрежелерди так аткаруу, оорунун алдын алуунун эң негизги натыйжалуу жолу болуп эсептелинет. Оорунун негизги себеби — колдун таза жуулбагандыгынан болот. Андыктан баланы кичинесинен тартып тамак ичер алдында, дааратканадан жана сырттан ойноп келгенден кийин ар дайым колдорун самындап жууганга көндүрүү керек. Ошондой эле жаныбарлар менен ойногондон кийин дагы колун сөзсүз самындап жуу керек. Жашылчаларды жана жер-жемиштерди жээр алдында таза сууга тазалап жуу керек. Андан сырткары балдардын жолбун иттер менен ойноосуна тыюу салуу жана жолбун иттерди жок кылуу. Үй иттерин талаа чычкандарынын эти менен тамактандырбоо. Анан дагы эң негизгиси үйдө баккан иттерди жылына 4 жолу дегельминтизациядан өткөрүү керек. Ошол эле учурда айрыкча үй жаныбарларын кармагандарга кайрылып кетким келет. Гигиеналык эрежелерге өзгөчө көңүл буруусун суранып кетет элем. Мындан сырткары ар бир жаран булактан, суу сактагычтан, кудуктан жана башка жаратылыш булактарынан алынган сууну колдонуудан мурун кайнатуусу керек. Этти да этияттык менен иштетүү абдан маанилүү, анткени анын курамында эхинококк личинкалары болушу мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан