Франциялык белгилүү актёр Жерар Депардье сексуалдык ыдык көрсөткөн деп шектелүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 13 аял Жерар Депардье тарабынан сексуалдык ыдык көрсөтүүгө кабылганын айтып чыгышты.
Жабырлануучулардын айтымында, актёр аларды кармап алып, колун ич кийимине киргизүүгө аракет кылып, аларга карата адепсиз сөздөрдү айтып жүргөн. Мындай көрүнүш 2004-2022-жылдар аралыгындагы кино жана телефильмдерди тартуу учурунда, ошондой эле коомдук жайларда болуп келген.
Ал эми Жерар Депардье бардык айыптоолорду четке кагып, комментарий берүүдөн баш тарткан.
Белгилей кетсек, буга чейин Шарлотта Арно аттуу 22 жаштагы актриса 2018-жылы актёр тарабынан зордуктоого жана сексуалдык зомбулукка кабылганын айткан. Бирок кылмыштын курамы жок делинип иш 2019-жылы токтотулган. Бирок актриса кайрадан арыз жазып, 2020-жылы тергөө иштери башталып, тиешелүү чечим чыга элек.