Калыс-Ордо конушунда бала бакча курулуп жатат

Бишкектин Калыс-Ордо конушунда 140 орундуу бала бакчанын курулушу башталды. Бул тууралуу калаа бийлигинен маалымдалды.

Кабарга ылайык, имаратта уктоочу, оюн - зоок бөлмөлөрү, буфет, ашкана, медициналык кабинет, кызматкерлердин бөлмөсү, музыкалык-гимнастикалык зал жайгашат. Мындан сырткары кампалар жана техникалык жайлар да болот.

Кечээ, 12-апрелде Биринчи Май акимиатынын аппарат жетекчиси Медет Кубатбеков иштин жүрүшү менен таанышып кайтты.

Мектепке чейинки мекеменин аянты 1 390 чарчы метр болсо, ал эми жалпы аянты - 0,68 гектарды түзөт. Курулушка каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан