Милиция кызматкерлери Орусияда өткөн мелдеште байгелүү орундарды ээлешти

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери кармашып урушуу боюнча Орусияда өткөн мелдеште байгелүү орундарды ээлешти. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-апрелден 9-апрелге чейин Москва шаарында кармашып урушуу боюнча аялдар жана эркектер арасында “Достук кубогу-2023” мелдеши өттү. Ага ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери катышты.

Таймашка 90 килограммдан жогору салмакта катышкан полктун атайын операциялар отрядынын улук ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкери, милициянын капитаны Максатбек Пирматов 2-орунду ээлесе, ал эми 3-орун полктун Баткен шаарында жайгашкан өзүнчө ротасынын Баткен облусу боюнча атайын операциялар отрядынын ыкчам кызматкери милициянын старшинасы Ырысбек Зайировго буюрду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан