Индияда тургун тооктун этин калтырбай жеп салганы үчүн уулун өлтүрүп алды

Индиянын Карнатака штатынын тургуну тооктун этин калтырбай жеп салганы үчүн ачууланган уулун өлтүрүп алган. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 32 жаштагы Шиварам үйүнө кайтып келгенде атасы Шина тооктун этин ага калтырбай жеп салганын көрүп ачууланат. Мындан улам алар кайым айтыша кетишип, атасы таяк менен уулун башка чапкан. Шиварам катуу соккудан улам окуя болгон жерде каза тапкан.

Полиция кызматкерлери Шинаны дароо кармашкан. Маркумдун артында жубайы жана эки баласы калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан