Парламенттин төрагасы баштаган депутаттар Санкт-Петербургга учуп кетишти

Бүгүн, 13-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Орусиядагы иш сапары башталды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалымдалгандай, иш сапардын алкагында алар Санкт-Петербург шаарында өтө турган Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын кезектеги жыйындарына катышат.

Андан тышкары, ассамблеяга мүчө мамлекеттердин парламент жетекчилери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Кошумчалай кетсек, төраганы Жогорку Кеңештин депутаттары Винера Раимбачаева, Искендер Матраимов, Кундузбек Сулайманов жана Арсланбек Малиев коштоп барды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан