Айыл чарба министри: "Ушул жумада Орусияга балык экспорту жанданат"

Ушул жумада Орусияга балык экспорту жанданат. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

Министр өз сөзүндө өлкөдө балык чарбасы активдүү өнүгүп жатканына токтолду.

"Өткөн жылы экспорт дагы эки эсеге өскөн. Бирок, тилекке каршы, алардын арасында балык продуктуларын реэкспорттоо менен алектенген абийирсиз экспортчулар да бар. Алардын ишмердүүлүгүнөн биз жабыркап калдык. Орусиядан комиссия келип, тогуз ишкананы изилдеп чыктык. Тиешелүү кызматкерлер эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Анын натыйжасында ушул жумада экспорт кайра жанданат, бирок баарына эмес. Тиешелүү талаптарга жооп бергендерге гана уруксат берилет", - деди министр.

Эске салсак, 16-февралдан тарта Кыргызстандын балык чарбаларына Орусияга балык экспорттоого ​тыюу салынган. Буга Орусиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын тогуз чарбанын продукциясына койгон дооматы себеп болгон болчу. Ага Кыргызстандан импорттолгон балыктардан тыюу салынган жана зыяндуу заттар табылып жатканы негиз катары көрсөтүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан