Быйыл айыл чарбасына 10 миллиард сомдой насыя бөлүнөт


Быйыл мамлекеттик бюджеттен айыл чарба үчүн "Айыл банк", РСК банктары аркылуу 9 миллиард 810 миллион сом насыя 6 пайыз үстөк менен берилет. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Бакыт Төрөбаев билдирди.

Маалымдалгандай, бул сумма 11 миңдей адамга жетет.

"Эгер банктар же банк кызматкерлери насыяны 6 пайыздан ашык үстөк менен берчү болсо, бизге кайрылсын. Чара көрүлөт", - деди Төрөбаев.

Өкмөт тарабынан дыйкандарды колдоого "Айыл чарбасын колдоо -11", "Агрокредит" жана 1 миллион сомдон пайызы жок берилүүчү насыялар берилип келет.

Эскерте кетсек, өлкөдө дыйкандарга жеңилдетилген насыя берүү 2011-жылы башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Замир
2023-04-13 14:14:00
Саламатсыңарбы Ала бука районундагы айыл банкка комиссия жөнөтүп койосторбу андай кредиттер бизнесмендерге берилип бизге окшогондорго бербей жатат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан