Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров швейцариялык “Бартолет” компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жолугушууга шаар куруу, энергетика, комплекстүү долбоорлор боюнча швейцариялык компаниянын өкүлдөрү да катышты.
Өз кезегинде мэр транспорт инфраструктурасынын өнүгүп жатканын белгилеп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.
Тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.