"Адамдар жерге жатып...". Сузактагы убактылуу кармоочу жайдын учурдагы абалы (фото)

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы убактылуу кармоочу жайда бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу борбору билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 2023-жылдын 10-апрелинде улуттук борбордун кызматкерлери Сузак РИИБнин убактылуу кармоочу жайына пландуу иш сапары менен барышып, анда төмөндөгү мыйзам бузууларды аныкташкан:

Камактагыларды коштоо жеке автоунаада ишке ашырылууда, бирок белгиленген тартипте атайын автотранспортто жүргүзүлүүгө тийиш;

Камактагы тогуз адамдын алтоосу медициналык кароодон өткөн эмес;

Камералардын биринде уктоочу керебет жок, натыйжада эки адам бетон полдун үстүндө уктоого аргасыз болушууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан