17-апрелден 19-апрелге чейин Бишкектин айрым жерлеринде газ берилбейт. Бул туурасында "Гаспром Кыргызстан" мекемесинен кабарлашты.
Ага ылайык, бул күндөрү Садыгалиев - Волков дареги боюнча газ өткөргүчтөрдө оңдоо иштери жүргүзүлөт.
Төмөнкү көчөлөрдүн кесилишкен аймагында жаратылыш газы өчүрүлөт: Волков, Ден Сяопин, Патриса Лумумбы, Владимировская.
Мекеме түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт.