Президенттин Баткен облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев Бишкек шаарындагы №26 Ленин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн документтерди тапшырды. Мындай маалымат БШКнын расмий сайтына жарыяланды.
Өмүрбек Суваналиев шайлоого өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде арызын тапшырган.
Муну менен Ленин округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгондордун саны 16га жетти.
Белгилей кетсек, №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 27-апрелде аяктайт. Ал эми шайлоо 28-майда өтөт.