Ташкентте уулу апасын башка эркек менен сүйлөшкөнү үчүн өлтүрүп салды

Өзбекстанда уулу апасы башка эркек адам менен мамиле курганы үчүн аны өлтүрүп салды. Бул тууралуу Өзбекстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, каргашалуу окуя Ташкенттин Шайхантахур районунда болгон. Анда апасы башка киши менен сүйлөшүп жатканын билгенден кийин жигит апасын бычак менен сайып өлтүргөн. Ал апасы башка үй-бүлөгө кетип, жалгыз калам деп ойлогон.

Андан кийин ал апасын көмүп, полицияга апасы дайынсыз болуп жатканын айтып кайрылган. Полиция үйдөн жансыз дененин колу чыгып көмүлгөнүн байкап, дароо кошумча күч чакырган.

Соттук териштирүүдө уулу күнөөсүн толугу менен моюнуна алды.

Психиатриялык экспертизанын жыйынтыгында анын толук дени сак экени белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан