Бишкектин кире беришине 11 метрлик жаңы стелла орнотулууда (фото) 

Бишкектеги Дэн Сяопин проспектисинде жаңы стелла орнотулууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматына ылайык, Дэн Сяопин проспекти менен Барпы Алыкулов көчөсүнүн кесилишинде кирүү белгиси салынууда.

Бүгүнкү күндө инженердик тармактарды чыгаруу жана бийиктиги 11 метр болгон стелланы куруу иштери аяктады.

Учурда стелланын айланасын көрктөндүрүү, тамгаларды жана ак илбирсти орнотуу үчүн стелланы сырдоо иштери жүргүзүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан