Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Орусиянын Тышкы иштер министрлигине Москва облусунун Красногорск шаарында кыргызстандык жарандын өлүмүнө байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча нота жөнөттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 22-мартта Красногорск шаарында бычактан жаракат алган Кыргызстандын эки жараны табылган. Алар 2004-жылы туулган Н.Р.Б. жана 2005-жылы туулган К.у.А. аттуу жарандар болушкан. Окуя болгон жерге келген "Тез жардам" кызматы К.у.А. каза болгонун аныктап, экинчи жарадар ооруканага жаткырылган.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.
23-мартта козголгон кылмыш ишинин алкагында төрт адам кармалып, алардын бирөө гана убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Жабырлануучу Н.Р.Б. кармалган башка үч адам дагы кылмыштын катышуучулары экенин билдирген. Бирок ага карабай алар күбө катары суракка алынып, бошотулган.
Буга нааразы болгон маркумдун жакындары бүгүн, 13-апрелде Бишкекте маалымат жыйын өткөрүштү. Анда алар Башкы прокуратурага жана Орусиянын Тергөө комитетине бул адамдардын катыштыгы бар-жоктугун тыкыр текшерип, юридикалык баа берүү өтүнүчү менен кайрылышкан.
"Кыргызстандын элчилиги Орусиянын Тышкы иштер министрлигине бул текшерүүлөрдү Орусиянын жазык-процесстик мыйзамдарынын талаптарына ылайык уюштурууга жана өткөрүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен нота жөнөттү", - деп билдиришти министрликтен.