Бүгүн, 14-апрелде президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматта президенттин тапшырмасы менен Ош облусунун жетекчилигинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча тиешелүү комиссия түзүлүп, анын жыйынтыгында алардын ишмердүүлүгүндө мыйзам бузуу фактылары аныкталганы айтылат. Буга байланыштуу облус башчысынан сырткары дагы эки жетекчи ээлеген кызматынан бошотулган.
Алар:
- Жаныкулов Данияр Төрөгазиевич Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
- Ногоев Турусбек Молдобекович Кара-Суу районунун акими.
Ал эми Зиядин Жамалдинов бул кызматка 2021-жылдын июль айында дайындалган болчу.
SUPER.KG порталынын өздүк булактары Ош облусуна жаңы жетекчи болуп Элчибек Жантаев келе турганын билдиришүүдө. Бул боюнча президенттин аппараты азырынча расмий маалымат бере элек.
Ал буга чейин министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп иштеген.