Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Элчибек Жантаев дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров тийиштүү жарлыкка кол койду.
Буга чейин аталган кызматты Зиядин Жамалдинов аркалап келген.