Ноокатта мыйзамсыз менчикке өткөн бала бакча мамлекетке кайтарылды

Ош облусунун Ноокат районунда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен бала бакча мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде Башкы прокуратурадан маалымдашты.

Ага ылайык, бала бакчанын мыйзамсыз менчикке өткөнү Ноокат райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө аныкталган.

"Ноокат райондук сотунун 2008-жылдагы чечими менен Кеңеш айыл аймагынын Арбын айылында жайгашкан бала бакчанын имараты менен 0,18 гектар жер тилкеси мыйзамсыз А.А. аттуу жарандын менчик укугу катары таанылып, ага укук күбөлөндүрүүчү документтер берилгендиги аныкталган.

Райондук прокуратура тарабынан келтирилген кассациялык сунушту кароонун жыйынтыгы менен райондук соттун жогоруда аталган чечими жокко чыгарылган" деп жазылат маалыматта.

Жыйынтыгында баасы 19 миллион 524 миң сомду түзгөн 0,18 гектар жер тилкеси менен бала бакчанын имараты Кеңеш айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кайтарылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан