Садыр Жапаров "Аю" компаниясы боюнча айтылган пикирлерге жооп берди

Бүгүн, 14-апрелде президент Садыр Жапаровдун "Кабар" маалымат агенттигине берген кезектеги маеги жарыяланды.

Анда журналист өлкө башчыдан "ар кыл деңгээлдеги коррупциялык иштерге аралашкандар тергөө иштери жүрүп жаткан чакта эле кайсы бир ири сумманы казынага кайтарып, алардын баш коргоо чарасы “үй камагы” болуп өзгөрүүдө. Бул коомчулукта “акчаң болсо эч кандай жаза албай эле кутулуп кетет турбайсыңбы” деген пикирлердин үстөмдүгүнө алып келип жаткан жокпу?" деп сурады.

Жапаров жооп берип жатып соттун чечимине кийлигишпей турганын белгилеп өттү.

"Кимде ким казынадан уурдап кармалган болсо, аларды эки-үч эселеп кайтартып, анан үй камагына чыгарып коюп жаткан учурлар бар. Аларды мен деле байкап турам. Бирок кийлигишкеним жок. Бирок үй камагына чыкса эле акталып кетет дегендик эмес да. Сөзсүз сот иштери уланат. Соттун чечими менен аяктайт. Шарттуу түрдө кесилеби же айып пул төлөп чыгабы, аны сот чечет.

Учурда соцтармакта айрым блогерлер белгилүү “Аю” компаниясы жогоруда биз сөз кылган “кустуруу” кампаниясынын курмандыгы болду дешүүдө. Башкача айтканда, аталган компанияны ар кандай шылтоо менен ири суммада акча “кустурушкан” жана анын кесепетинде “Аю” мурдагыдай күпүлдөп иштебей калышына бийликти айыпташууда.

“Аю” компаниясын 2,5 жылдан бери эркелеттик. "Мурдагы заман бүттү. Эми таза иште. Салыкты жашырба, акцизди жасалма кылба. Спиртти контрабанда кылба, бийликтин чөнтөгүнө анча-мынча берип коюп баягыдай эле иштей берем дегениңди унут, бизге акча керек эмес, биз бюджетти толтурушубуз керек" деп суранып келдик. Укпады. Мурдагыдай эле миллиондогон салыктарды төкпөй, акцизди жасалма кылып, 12 миң даана жасалма акциз менен кармалды. Контрабанда спирт чыгарып, 275 тонна спирт менен кармалды. Баасы 40 миллион сомдон ашык болот. Анан эми спирт заводу менен арак заводу мыйзам чегинде конфискация болуп, мамлекетке өтүп жатат. Мындан ары спиртти да, аракты да мамлекет чыгарат" деп жооп берди Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан