Бүгүн, 14-апрелде президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине кезектеги маек куруп, анда коррупцияга каршы күрөшүүдөн түшкөн каражаттарга байланыштуу узатылган суроолорго жооп берди.
Анда журналист өлкө башчыга "Сиз бийлик башына келгенден көп өтпөй “кустуризация” же коррупциялык, мыйзамсыз иштерге айыпталгандарды мамлекеттин казынасына каражат төктүрүү өнөктүгү активдүү башталганы белгилүү. Анан бул багыттагы иштерден жалпы канча каражат түштү? Алар кайсы жактарга жумшалды? Айрым саясатчылар жарым-жартылайы мамлекетке түшсө, жарым-жартылайы чөнтөккө кетти да дешүүдө" - деп суроо салган.
Президент эки жарым жылдан бери төгүлүп жаткан каражаттын бир тыйыны коробой түздөн-түз республикалык казынага түшүп жатканын баса белгилеген.
"Жалпысынан Башкы прокуратура, УКМК, ИИМдикин баарын бириктиргенде 10 миллиард сомдон ашык болсо керек эле. Кимде ким кызыккан болсо, комиссия түзүп барып текшерип көрүшсүн: кимден канча акча төгүлгөн жана кайсы күнү казынага барып түшкөн, баары ачык. Жашыра турган эч нерсе жок. Кимден канча акча түшкөндүгү жөнүндө ачык жарыялап койсок деле болмок. Бирок алардын көпчүлүгүнүн "ачыкка чыгарбасаңар" деген суранычы бар. Ошол үчүн аты-жөндөрүн чыгара албайбыз. Эгер саясатчыбы, журналисттерден же депутаттардан болобу кимде ким кызыкса, кайрылсын. Бардык тизмени жана суммаларды көрсөтүп беребиз", - деген Жапаров.
Мамлекет башчысы жашыра турган эч нерсе жок экенин, ачык иштей турганын билдирген.
"Өткөндө айрым кыйкырчаак депутаттар алтын уурдадыңар дегенде, өздөрүнөн турган комиссия түздүрүп, эми өзүңөр текшергиле, баарын ачып берели десек кайра өздөрү качып кетишти. Ошондой эле "кустуризация" маселесине дагы кимде ким кызыкдар болсо, мага расмий түрдө кат менен кайрылышсын. Укук коргоо органдарына айтып, "кусундулардын" баарын көрсөттүрүп берем. Изин кубалап барышса республикалык бюджетке түшкөнүн көрүшөт", - деди президент.