"Аз уктайт". Шаирбек Ташиев Камчыбек Ташиевдин ден соолугу тууралуу айтты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев акыркы эки жылдан бери оор жүк менен жүрөт. Бул тууралуу УКМК төрагасынын иниси, Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев SUPER.KG порталынын "Галстуктар" долбооруна берген маегинде айтты.

"Ден соолугу Кудайга шүгүр, жакшы. Бирок акыркы эки жылдан бери чоң жүк менен жүрөт. Аз уктайт. Ошол дагы ден соолугуна таасирин берип жатат. Түндүн бир оокумуна чейин иштеп, жолугушууларды өткөрөт. Кайра эле таңкы намаздан кийин эле жумушка кетет. Барат кечке иштейт, командировкага кетет.

Ушинтип өтө чоң жүк менен жүрөт. Ушундан улам кан басымы көтөрүлүп, дары ичип турат. Анан бутунан ооруду, азыр буюрса жакшы болуп калды", - деди Шайырбек Ташиев.

?showinfo=0&rel=0" frameborder="0" allowfullscreen>

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан