Украина каза болгон 82 аскеринин сөөгүн кайтарып алды

Украина согуштан улам каза болгон 82 жоокеринин сөөгүн кайтарып алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, сөөктөрдү өткөрүп берүү дайынсыз жоголгондор боюнча комиссардын аппаратынын жардамы жана укук коргоо органдары менен биргеликте ишке ашырылган.

Орус тарап Украина менен сөөктөрдү алмаштыруу боюнча маалымат бере элек.

Кагылыш башталгандан бери согуш жүрүп жаткан аймакта набыт болгондордун сөөгүн алмаштыруу февраль айынын башында болгон: Анда Киев 150 сөөктү, анын ичинде Азов батальонунун жоокерлеринин жансыз денесин алган.

Буга чейин 14-декабрда украин бийликтери туткундарды алмаштыруунун натыйжасында Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн 64 аскер кызматкери жана каза болгон төрт кишинин сөөгү кайтарылганын кабарлаган. 7-мартта согуш туткундарын алмашуунун алкагында 130 адам Украинага кайтып келген.

Акыркы жолу Украина 24-мартта каза болгон аскерлердин сөөгүн Орусия менен алмаштыруу боюнча маалымат тараткан. Андан кийин Киев 83 жоокердин сөөгүн кайтарып алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан