ар чөйрөдө эле ырымдап коёбуз". Ырчы Жоодарбешим 33 жашка толду

Бүгүн, 16-апрелде ырчы Жоодарбешим 33 жашка толду. Аны өздүк майрамы менен куттуктап, чыгармачылыгы тууралуу да суроо бере кеттик.

Туулган күнүмдү биринчилерден болуп жубайым куттуктайт. Бирок мен үчүн бул күн анчалык деле маанилүү же кубанычтуу эмес. Анткени бул күндү жылдык отчёт катары эле кабыл алам. “Бир жылда эмне кылдым? Эмнеге жетиштим? Баарынан кымбат болгон Аллахтын 365 күнүн пайдалуу, маңыздуу пайдаландымбы? Жакындарыма, өлкөмө пайдам тийдиби?” деп ойлоном.

Туулган күнүмдү белгилөөгө оюм жок, жыл сайын эч кимге унчукпай эле өткөрүп жиберем. Досторум билгендиктен тар чөйрөдө эле ырымдап коёбуз.

Негизи жаңы ырларды жаздырып даярдап койгом. Бирок эмнегедир ишти андан ары улантууга моюнум жар бербей жатат”, - дейт ырчы.

Жоодарбешим 1990-жылдын 16-апрелинде Токтогул районунун Чоң-Арык айылында туулган. Окууну бүткөн соң Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын астындагы 2 жылдык студияга тапшырып, ийгиликтүү аяктаган. Ушул окуу жайда окуп жүргөндө ар кандай студенттик концерттерде ырдап жүргөн. Ырчынын эң алгачкы чоң сахнага болгон кадамы 2008-жылы Жамил Карабалаевдин жеке концертинде болгон. Репертуарындагы "Жан тумарым", "Өкүнбө", "Эрке кыз" аттуу ырлары менен таанылган.

Жоодарбешим "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча “2013-жылдын супер дебюту” деп табылган.
2017-жылы сүйүктүүсү Аксана менен баш кошкон.
16-апрелге жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан