Орозо айт майрамы 21-апрелге белгиленди

Быйылкы Орозо айт майрамы 21-апрелге белгиленди. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.

“Ислам шариятында Орозо айынын башталуусу жана аяктоосу жаңы чыккан Айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат.

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы 2023-жылдын 21-апрель, жума күнүн Орозо Айт майрамы деп белгиледи”, - деп жазылат маалыматта.

Анткен менен жогорудагы көрсөтүлгөн күн айдын чыгуусуна карап бир күнгө айырмалануусу мүмкүн экени кошумчаланды.

Быйыл кадыр түн 17-апрелден 18-апрелге караган түнү болот. Белгилүү болгондой, Орозо айы 23-мартта башталып, 21-апрелде аяктайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан