"Көпчүлүк аймакта жаан жаайт". 18-апрелге карата аба ырайы

Эртен, 18-апрелде өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунун маалыматында айтылат.

Ал эми тоолуу райондордо жаан карга айланат.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +6…+11,

Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +5…+10,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +10…+15,

Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн үшүк жүрүп, абанын температурасы +1…+6, күндүз +6…+11 градус болот.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +6…+8 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан