Министрлик Ошто атырга ууланган окуучулар боюнча билдирүү таратты

Ош шаарындагы №8 мектепте окуучулар атырга ууланган эмес. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, 15-апрелде аталган мектепте танапис учурунда 6 “З” классынын 3 окуучусу атыр себинген. Мындан улам класстагы 38 окуучунун үчөө жагымсыз жыттан жана орозо кармагандыктан башы айланып, бул тууралуу мугалимге билдиришкен.
"Мектеп директору буга чейинки окуучулар арасында атырга ууланган окуялардан улам чочулап, окуучуларды ооруканага өзү алып барган. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында эки окуучу кыздын ден соолугу туруктуу болгондуктан, үйлөрүнө ата-энелерине тапшырылган.
Ал эми бир окуучу кыз ата-энесинин өтүнүчү менен бир күнгө ооруканада калтырылып, эртеси үйүнө чыгарылган", - деп билдиришти мекемеден.
Окуучулардын абалы жакшы болгондуктан ата-энелер тарабынан мектепке даттануулар түшкөн эмес.
Эске салсак, социалдык тармактарда Ош шаарындагы №8 Горький атындагы мектеп гимназиясынын 6-классынын үч окуучусу атырга ууланып, ооруканага түштү деген маалыматтар жарыяланган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан