Кыргызстанда бир жумада (10-апрелден 17-апрелге чейин) 17 адамдан СOVID-19 илдети аныкталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.
Белгилүү болгондой, алардын ичинен 7 бейтап ооруканага жаткырылган.
Өлкөдө 2022-жылга жана 2023-жылдын 107 күнүнө карата жалпысынан COVID-19 инфекциясынын 22 118 учуру катталды.