Бишкек-Ош унаа жолунда жаралган жол тыгыны жоюлду

Бишкек-Ош унаа жолунун 125-129-чакырымында пайда болгон жол тыгыны жоюлуп, каттам калыбына келтирилди. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматында жазылат.
Ага ылайык, К.Көлбаев атындагы тоннелдин түштүк тарабынан оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө алынды. Саат 20:40тан тартып дөңгөлөк чынжырчасы бар жеңил унаалар кезеги менен өткөрүлүүдө. Ал эми калган унааларга чектөө алына элек.
Эске салсак, жол тайгак жана бороон болгондугуна байланыштуу бүгүн саат 15:40та "Сосновка" өткөрмөсүндө унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан