Татарстандын башчысын Молдовага киргизбей коюшту

Татарстандын башчысы Рустам Минниханов өлкөдө каалабаган адам делип, Молдовага кире албай калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Минниханов Гагаузияда өтүүчү “Элдердин достугу – 2023” Эл аралык дипломатия конгрессине катышууну пландаган. Бирок Кишинёвго келген Татарстандын башчысы пландалган иш-чарага жете алган жок. Бул боюнча ал учактын бортунда кайрылуу жасады.

"Биз Кишинёвдобуз, жакында эле биздин республикага келген Петров менен Суходольскийдин чакыруусу менен келдик. Биз биргелешкен ишибиздин чоң программасын белгилегенбиз. Тилекке каршы, Молдованын бийлиги бизди өлкө каалабаган жарандар деп чечти. Демек биз бул өлкөгө кире албайбыз жана тилекке каршы, биз конгресске катыша албайбыз", - деген Татарстандын башчысы Рустам Минниханов Молдовадан учаар алдында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан