Төө-Ашууда дөңгөлөк чынжырчасы бар унаалар гана өткөрүлүүдө

Бишкек-Ош унаа жолунун 125-129-чакырымында пайда болгон жол тыгыны жоюлуп, каттам калыбына келтирилди. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Мындан улам "К.Көлбаев" атындагы тоннелдин түштүк тарабынан оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө алынып, 17-апрель күнү саат 20:40тан тартып дөңгөлөк чынжырчасы бар жеңил унааларды кезеги менен өткөрүлүүдө. Ал эми калган унааларга чектөө алына элек.
Эске салсак, жол тайгак жана бороон болгондугуна байланыштуу, кырсыктарды алдын алуу максатында 17-апрель саат 15:40та "Сосновка" өткөрмөсүндө унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан