Нурсултан Назарбаевдин иниси дагы бир ири бизнесинен айрылды

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин иниси Болат Назарбаев "Барыс" унаа базарынан айрылды. Бул тууралуу казак маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Андагы маалыматка ылайык, Карасай райондук соту Болат Назарбаевге тиешелүү болгон жалпы аянты 37,6 гектар жер тилкесинин ("Барыс" автобазары) сатуу-сатып алуу келишимдери жараксыз деп тапкан.

Мындай чечим кечээ, 17-апрелде жарыяланды.

Белгилей кетсек, Алматы облустук прокуратура, жергиликтүү акимчилик менен Болат Назарбаевдин ортосундагы соттук териштирүүлөр ушул жылдын март айынын аягында башталган.

Буга чейин Болат Назарбаев өзүнө тиешелүу болгон 300 миң гектар жерди мамлекетке өткөрүп берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан