Нурсултан Назарбаевдин иниси Казакстанга 300 миң гектар жерди кайтарып берди

Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин иниси Болат Назарбаев мамлекетке 300 миң гектар жерди өткөрүп берди. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, Болат Назарбаев мамлекетке өткөрүп берген 300 миң гектардын 239 миң гектары Мангистау облусунда, дагы 60 миң гектары Жамбыл облусунда жайгашкан.

"Биздин партиянын негизги миссиясы жеке колго мыйзамсыз өтүп кеткен улуттук байлыкты кайра мамлекетке кайтаруу. Бул ишти системалуу түрдө жүргүзөбүз. Анын кылган эмгеги жана капчыгынын калыңдыгы адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө тоскоол эмес. Элден тартып алганбы? Кайтарып бересиңер", - деп баса белгилеген амлекеттик башкарууну өнүктүрүү жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча республикалык коомдук кеңештин төрагасы Ерлан Саиров.

Болат Назарбаев Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин бир тууган иниси. Ал 1953-жылы 23-мартта туулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Alishdaman
2023-02-02 21:57:00
Амлекеттик дейби же мамлекеттик дейби
+1
surgeon777
2023-02-03 11:14:00
Alishdaman Ошо мамлекеттик мулкту амлекеттик кылып алыптыр да Болат Назарбаев)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан