Президент тиешелүү жетекчилерге ырайым алган жарандарды иш менен камсыздоо тапшырмасын берди.
Түркмөнстандын президенти жыл сайын "Кадыр түнгө" карата соттолгон адамдарга мунапыс жарыялайт. Былтыр республика боюнча 514 киши ырайым алган. Ал эми 2021-жылы 1035 адамга мунапыс берилген.