
"Сосновка" постунда бүгүн, 18-апрель саат 09:00дөн тарта оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу Транспорт министрлиги кабарлады.
Азыркы тапта жолчулар жана жерине тартылган атайын техникалар жолду тазалап, инерттик материалдарды чачып жатышат. Күн бүркөк, бороон басыла элек.
Эске салсак, жол тайгак жана бороон болгондугуна байланыштуу кырсыктарды алдын алуу максатында кечээ, 17-апрель түнкү саат 02:00дөн тарта "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унааларга, ал эми саат 14:40та жеңил унааларга убактылуу чектөө киргизилип, жол эки тараптуу жабылган. Тынымсыз тазалоонун аракетинде кечинде жеңил унаалар үчүн каттам берилип, кыймыл жанданган.