Бүгүн Бишкектин айрым райондорунда суу болбойт

Бүгүн, 18-апрелде Бишкектин айрым райондорунда суу болбойт. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирет.

Маалыматка ылайык, 18-апрелде саат 9:00дөн 21:00гө чейин “Батыш” суу топтомунда жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө байланыштуу төмөнкү көчөлөр менен чектешкен аймактарда суу өчүрүлөт:

  • Алыкулов көчөсү – БЧК – Ала-Арча дарыясы - Л. Толстой көчөсү;
  • Юбилейная көчөсү – Горький көчөсү (Прогородное айылы) – Садовая көчөсү (Прогородное айылы) – ЧЧК.

Ошондой эле "Аскер шаарчасы", "Кызыл Аскер" жаңы конушу, 110 квартал, Достук кичи районунда дагы суу болбойт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана сууну алдын ала камдап алууларын суранат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан