Бишкекте бомбага байланыштуу жалпы сегиз билим берүү мекемесинде адамдар эвакуацияланды

Бишкекте жарылуучу зат коюлган деген маалыматтан улам эки университет, бир лицей жана беш мектеп эвакуацияланды. Бул тууралуу борбор калаанын ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

"Жеринде тиешелүү адистер иштеп жатат, коюлган бомбалар тууралуу маалымат текшерилүүдө", - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Жагдайга жараша милиция кошумча маалымат бере турганы кошумчаланды.

Маалым болгондой, бүгүн, 18-апрелде №67, 90, 63, 51 жана 17 мектептерде, АУЦА лицейинде, КРСУнун юридикалык факультетинде жана КМТУда жардыруу болгондугу тууралуу билдирүүлөр келип түшкөн.

Билим берүү мекемелеринде жардыргыч зат бар экени тууралуу маалыматтар буга чейин январь жана март айларында да айтылган болчу. Бирок мындай телефондук террористтердин уюштуруучулары ушул күнгө чейин табыла элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kuban-1207
2023-04-18 12:33:00
УКМК эмнени иштеп кыйратып атат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан