Ноокенде 59 жаштагы эркек киши дубинка менен зордукталганы айтылды

Ноокен районундагы милиция бөлүмүндө 19 жаштагы кыздын өлүмүнө шектүү жаран резина дубинка менен зордукталганын айтты. Бул тууралуу Кыйноолордун алдын алуу борборунун башчысы Бакыт Рысбеков Жогорку Кеңештин комитет жыйынында айтты.

"2022-жылдын 11-ноябрында Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, нөөмөтчү Жогорку Кеңештин депутатын жана мени убактылуу кармоочу жайга киргизбей койгон. Одоно түрдө мыйзам бузулган. Ал жерде 1964-жылы туулган О.А. аттуу жаран кыйноого кабылгандыгын билдирген. Ал жаран 19 жаштагы кыздын өлүмүнө шектүү катары кармалган.

Эми, кечиресиздер мен айтууга милдеттүүмүн. Бул жаран резина дубинка менен зордукталганын айтып жатат. Биз прокуратурага кайрылдык, Ноокен прокуратурасы өзү жыгылып кетти деп жооп берди", - деди ал.

Ал ошондой эле тиешелүү кызматкерлер жазаланбаса акыбал оорлоп, кыйноо көбөйө берерин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kuban-1207
2023-04-18 13:03:00
Милицияга күн түшбөсүн
+1
patriot.kg94
2023-04-18 15:02:00
Эгерде чындап кызды олтургону далилденсе анда ошондой кылыш керек, а эгерде далилденбей туруп мойнуна алдырыш учун сабаган болсо анда созсуз жазасын алыш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан