Жогорку Кеңештин депутаттары Ноокен районундагы милиция бөлүмүндө дубинка менен зордукталды делген эркек кишинин окуясы үрөйдү учурат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Чыңгыз Ажибаев айтты.
"Мына азыр бул сүрөттү көрүп жүрөгүң түшөт да. Урматтуу Башкы прокурордун орун басары бул кандай болуп калат? Текшерүү жүргүзүп, прокурорлор аныкташы керек болчу да. Эми кандай болуп калат", - деди Ажибаев.
Ошондой эле дагы бир депутат Мейкинбек Акимов бул туура эмес экендигин айтып, эгер чын болсо тиешелүү кызматкерлер жазаланышы керектигин билдирди.
"Жанагы сүрөттөрдү көргөзгүлөчү, мен Ноокен районунан чыккан депутат катары буга реакция кылышым керек. Бул сүрөттөр ошол жабырлануучунуку да туурабы? Ноокен прокуратурасы негиз жок деп баш тартыптыр. Башкы прокурордун орун басары, бул боюнча пикириңизди айтыңызчы. Бул туура эмес да", - деди Мейкинбек Акимов.
Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева бул боюнча маалыматы жок экенин жана тактала турганын белгиледи.