Салыктык эмес кирешелерден бюджетке 12 миллиард сом түштү

2023-жылдын биринчи кварталында мамлекеттик бюджетке салыктык эмес кирешелерден 12 миллиард 100 миллион сом түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыл башынан бери мамлекеттик бюджетке салыктык эмес кирешелерден 12 миллиард 100 миллион сом түшкөн. Муну менен план 172, 9 пайызга ашыгы менен аткарылгандыгы айтылат.

"Бюджеттин кирешелери кошумча киреше булактарын издөөнүн жана мамлекеттин пайдасына болгон коррупциялык иштерди аныктоонун эсебинен көбөйдү.

Ал эми 2022-жылы салыктык эмес кирешелерден мамлекеттик бюджетке 6 миллиард сом түшкөн", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан