Бишкек – Ош унаа жолу унаалардын өтүүсү үчүн эки тараптуу ачылып, бардык чектөөлөр алынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен кабарлашты.
Министрликтин маалыматына карагандай, учурда Төө-Ашуу ашуусунда кар күрткүсү жүрүп жатат. Жол куруучулар кар күрткүлөрүн тазалоо жана жолго инерттик материалдарды чачуу иштерин жүргүзүп жатканы кабарланды.
Эскерте кетсек, кечээ, 17-апрелде аба ырайынын шарттарына байланыштуу Бишкек - Ош жолу бардык унаалар үчүн убактылуу жабылган болчу.