Бүгүн, 18-апрель күнү Жалал-Абад облусунда жардамга муктаждарга 9 тонна азык-түлүк таратылды. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдирди.
Маалыматка ылайык, ЮСАИД уюмунун "Тынчтык жана азык-түлүк" программасынын алкагында аталган облустагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, балдардын психологиялык социалдык стационардык мекемесине, карылар үйүнө, кургак учук, ВИЧ/СПИД борборунун даарылануучуларына кургатылган азык-түлүктөр берилди.
Демилге муктаж жарандарды витаминдүү азыктар менен камсыздоо жана ден соолугун чыңдоо максатында ишке ашырлган.