Арзыбек Кожошев ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин транспорттук экспозициялары менен таанышты

Евразиялык экономикалык биримдик негизин - Евразия чөлкөмүндөгү бардык мамлекеттердин өз ара пайдалуу кызматташтыгынын өнүгүүсүн камтыган бирдиктүү транспорттук мейкиндикти түзүү үчүн фундаменталдуу шарттарды түзөт. Бул тууралуу Арзыбек Кожошев 17-апрелде "TransRussia" транспорт-логистика кызматтары үчүн 27-эл аралык конференцияда куттуктоо сөз сүйлөп жатып билдирди.

Министр белгилегендей, ЕАЭБдин биринчи кезектеги милдети өлкөнүн аймактары менен жаңы кызматташуу байланыштарын түзүү, инфраструктураны өнүктүрүү, жаңы логистикалык каттамдарды жана товарларды жеткирүү чынжырларын түзүү болуп саналат.

Ошондой эле Кожошев көргөзмөнүн катышуучуларынын экспозициялары менен таанышып, транспорт-логистикалык кызмат көрсөтүүчү уюмдардын ишмердүүлүгү менен таанышты. Атап айтканда, Беларусь, Казакстан темир жолунун, Кыргызстандын "Караван Логистикс» логистикалык компаниясынын жана орусиялык «ТрансКонтейнер» операторунун маалымат павильондорунда болду.

"Караван Логистикс" павильонуна барган министр компаниянын жетекчиси С.Т. Орозалиев менен жолугушуп, логистикалык жана транспорттук кызматтарды көрсөткөн кыргызстандык компаниялар туш болгон көйгөйлөрдү жана аларды чечүү жолдорун талкуулашты.

Мындан тышкары Арзыбек Кожошев көргөзмөнүн жогорку деңгээлде өтүп жатканын жана мындай иш-чараларга катышуунун маанилүүлүгүн белгилеп өттү.

Маалымат үчүн:

17-19-апрелге чейин Москва шаарында "TransRussia 2023" - транспорт-логистика кызматтары, кампалык жабдуулар жана технологиялардын эл аралык көргөзмөсү өтөт.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан